www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Илимий-чыгармачылык интеллегенциянын иштеп чыккан долбоорлору ишке аша баштады”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.
--“Акыркы жылдары илимий-чыгармачылык интеллегенциянын өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан бир топ долбоорлор ишке аша баштады. Анда кыргыз эли адашуу жолунан кайтып, өнүгүүнүн өз жолуна түшүү, так айтканда бир Жаратканга сыйынып, Манас баштаган улуу рухтарына табынып, тилин, тарыхын терең билип, каада-салт, үрп-адатын сактап, өнөрлөрүн өнүктүрүп, жалпы адамзаттын илим-билим жана технологиялык жетишкендиктерин заманбап пайдаланып, руханий-агартуу иштерин ирээттүү жүргүзүү зарылдыгы жазылган. Бул ыйык ишти аркалоо, турмушка ашыруу ынтымак-биримдик аркылуу өз ара түшүнүүдөн, кепке келүүдөн башталат. Андыктан кыргыз эли башынан канчалаган кыйын күндөрдү өткөрдү. Ошондон сабак алып, түшүнүү менен жакшы багытка кеткенибиз туура”, - дейт Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg