www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чынында чек ара маселесин чечип албасак, тигил тарап басып алды, бул тарап өрт койду деп жарат алгандар, өрттөн чыгымга учурагандар болот», - деди бүгүн, 23-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турат Мадылбеков.

- Турат агай, эмнеге Камчыбек Ташиевдин чек ара маселесин чечем деген аракети сынга кабылып, жергиликтүү элдин нааразычылыгын жаратты?

- Эгемендик алганыбызга 30 жылга чукулдап калганы менен 30 жылдын ичинде бир да президент чек ара маселени чечүүгө батынышкан эмес. Жаңы эгемендикке ээ болгон жылдары эле бул маселени чечип алганыбызда азыркыдай көйгөйлүү маселелер жаралмак эмес эле.

Анткени, ал мезгилде жер маселесине жергиликтүү эл кийлигишчү эмес, мамлекет чеччү. Аскар Акаев президенттер менен отуруп, өкмөт менен кеңешип чечип койгондо азыр мындай маселелер жаралмак эмес. Биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Убакыт өткөн сайын чек ара маселесин чечүү татаалдашат.

Анткени, биз учурунда чек ара маселесин чече турган убакытты өткөрүп жибергенбиз. Азыр бир сотух жерди дагы кыйынчылык менен чече турган мезгилге келдик. Бул биринчиси. Экинчиси, чек ара маселеси жер алмашуу менен гана чечилет. Өзбекстанда деле биздегидей утулуп жатабыз деген абал болсо керек.

- Жергиликтүү элди бирөө каршы чыгарып жатабы же алар өздөрү бийликтин чек ара маселесин чечкенине нааразы болуп жатышабы?

- Жергиликтүү элдер ата-бабаларынан бери жашап же иштетип жүргөн жерлерди эч кимге бергиси келбейт. Бул адамдын психологиясы. Ошол жагынан чек ара маселесин чечүүдө маселе жаралып, нааразы тараптар митингге чыгып жатышат. Бийликке тоскоолдук жаратып жатышат. Чынында жергиликтүү элдердин айткан сөздөрүнүн да жөнү бар. Алар өздөрү жашаган райондун, айылдын жерин сактоо иретинде аракет кылышып, маселе көтөрүп жатышат. Камчыбек Ташиев болсо, мамлекеттик деңгээлде чек ара маселесин чечүүгө киришип жатат. Ал деле элдер доомат койгондой эмес, талаш жараткан жерлер боюнча чогултулган документтердин баарын иликтеп чыгып, ошого жараша иш кылып жатса керек. Жергиликтүү эл болсо, өзүнүн кызыкчылыктарынын негизинде чечилишин талап кылышканы үчүн пикир келишпеген жагдайлар жаралды. Ошондой эле, бул жерде саясат да роль ойноп жатат. 3-4 айдан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Кээ бир шайлоочулар дивидент алыш үчүн жергиликтүү элдин маанайын байкап көрүп, ошого жараша аракет кылып жатышат.

Чынында чек ара маселесин чечип албасак, тигил тарап басып алды, бул тарап өрт койду деп жарат алгандар, өрттөн чыгымга учурагандар болот. Ошон үчүн тез арада чек ара маселесин чечип, делимитация, деморкация ишин бүткөрүп алсак, чек аралар такталып эл ар жактан бер жакка, бер жактагылар ар жакка өтпөй эл тынчып калат деп ойлойм.

Чек ара маселесин ким чечсе да Ташиевдин ыкмасына салат. Анткени, ал жерде андан башка жол жок. Баарыбыз эле кээ бир жерден алардын шартына көнөбүз. Кээ бир жерден алабыз. Чек ара маселеси дүйнө жүзүндө ушундай гана жол менен чечилет. Чек арага саясатты аралаштырып, элди көкүтпөй турушса болмок.

Азыр чечип албасак, жыл өткөн сайын оорлоп отуруп, чек арадан согуш чыгып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн акылга келип, кеңешип чечип алышыбыз керек.

Тагыраагы, Ташиевдин чечимин колдоп турушубуз керек. Ташиев да Кыргызстандын патриот жигиттеринин бири. Ал деле маселени Кыргызстанга пайдалуу кылып чечүүнүн аракетин көрүп жатат. Ал эле ашык жерди Өзбекстанга берип коёюн деген жок да. Сууну алдырып жатабыз деп чырдап жатабыз. Сууну бербейбиз деп отура берсек, баары бир агымы боюнча «Кемпир-Аббаддагы» сууну биз пайдалана албайт экенбиз го. Ошон үчүн аны берип, анын ордуна башка сугат жерлерин алганыбыз деле оң болуп турат. Кыскасы, андан башка суу сактагычтарга биз толук кандуу ээ болушубуз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости