www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Уят, намыс түшүнүктөрү кыргыз дүйнө таанымынын өзөгүн түзөт”, деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.

--“Түпкүлүгүндө кыргыз эли жоокер мүнөз, айкөл, кең пейил, ар кандай жаңылыкты тез кабыл алган, мезгил сыноосун жеңе билген. Керек учурда бир муштумдай бириге алган, адилеттикти сүйгөн, таза калк экендигин байыркыдан азыркыга чейинки өмүр жолу тастыктап турат. Кут даарыган айкөлдүктүн даңгыр жолу - кыттай уюган Кыргыз философиясынын түбүн тереңдетип, чабытын кеңейтип турат. Жеткилеңдик, уят, намыс түшүнүктөрү кыргыз дүйнө таанымынын өзөгүн түзүп, узун сабак кеп кылууга арзый турган элдик нукура билим, ыйык табылга”, - дейт Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости