www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө ар бир Кыргызстандын жаранында Кыргызстанда COVID -19 пандемиясынын таралышын кантип тезинен токтотуу керек? Жакындарыбызды бул илдеттен кантип коргоо керек? деген суроолор турганы бышык. 

Кыргызстандагы эпидемиологдордун айтымында, бүгүнкү күндө вирустун таралышынын алдын алуу үчүн жөнөкөй коопсуздук талаптарын сактоо - бет кап, кол кап кийүү, 1,5-2 метр аралыкты, тазалыкты сактоо менен вирустун жайылуусун токтотуу керек. Мүмкүн болсо, өзүнчө обочолонуп жүргөн оң. Бул дарыгерлерге вирустун масштабдуу инфекциянын жайылуусуна бөгөт коюуга жардам болот. 

Тилекке каршы, адамдар арасында дарыгерлердин өтүнүчүн укпай, жөнөкөй талаптарды аткаруудан баш тартып, баары Кудайдын колунда  деген адамдар дагы деле бар. Белгилүү теолог Кадыр Маликовдун айтымында, Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы мусулмандарды санитардык эрежелерди сактоого милдеттендирип, бул багытта фатва чыгарган. Бирок коомчулук бул фатвага көңүл кош мамиле жасап жатканын айтып, гигиеналык эрежелерди сактоого чакырды. 

"Адам өзү жана жакындары үчүн жоопкер экенин түшүнүүсү абдан зарыл. Ким атайын эрежелерди сактабаса күнөө болот. Атайын бет кап тагынбай, эрежелерди сактабаса бул дүйнөдө дагы, кыямат күнү дагы жооп берет", - деди Кадыр Маликов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости