www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жанар Акаев Канттагы ооруканага барып, абалды көргөн. Россиядан келген дарыгерлер ооруканадагы абалды айтып беришкен.

Алардын айтымында, коронавирус жана пневмония ооруларына кабылгандар кадимки ооруканада жаткандай жатышып, эл каалагандай кирип-чыгып жатышат. Кызыл зонада иштеген дарыгерлер чыгып, кийим алмаштыруучу жайда башка дарыгерлер менен чогуу кийим алмаштырып, чогуу бир бөлмөдө түнөп жатышат. Россиядан бекер иштеп берүүгө келген ыктыярчы дарыгерлер тиешелүү тазалык эрежелери сакталбай жаткандыгын айтып, көздөрүнө жаш алып, ыйлагандар да болду.

Ал эми Жанар Акаев: "Унчукпай коюуга мүмкүн эмес! Реалдуу акыбал. Кечээ Кант шаарында Россиядан келген врачтардын кейиштүү абалын көрдүм, унчукпастан керектүү жардамымды берип кайттым", - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости