www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ аны Чоң-Алайга коштоп бараткан тик учак эмнеден кырсыкка кабылганы туурасында айтып берди.
Анын видеосу ЭлТР мамлекеттик телеканалынын YouTube баракчасына жүктөлдү.
УКМК башчысынын айтымында, эки тоонун ортосунда катуу шамалдан улам тик учак кырсыкка кептелген.
"Бишкектен эки тик учак менен жолго чыкканбыз, жакшы эле келе жатканбыз. Кокустук экен, артыбыздан эле учуп келаткан, аны өзүм да көргөм. Кийин эле жок болуп кетти. Көрсө, эки тоонун ортосуна киргенде катуу шамал болуп мотордун күчү жетпей калыптыр. Анан шамал сүрүп-сүрүп алып барып жерге кулатыптыр", - деди Ташиев.
Эске сала кетсек, кечээ, 4-июнда Чоң-Алайды көздөй бараткан аскердик тик учак авариялык абалдан улам конууга аргасыз болгон. Ал Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылында түшкөн. Коргоо министрлиги конуу учурунда тик учактан өрт чыгып кеткенин маалымдаган. Бортто экипаждар менен кошо 15 адам болгон, 14ү Ош облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Булак: NazarNews.kg