www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик 4-июнда беларус авиакаттамдарына шаркеттин аба майданы аркылуу учууга жана биримдиктин аэропортторуна конууга тыюу салды. Бул чара Беларустун 23-майда «Ryanair» учагын күч менен кондуруп, журналист Роман Протасевичти камакка алышына байланыштуу кабыл алынды.

Евробиримдик өз авиакомпанияларына Беларустун аба майданынан айланып өтүүгө чакырды.

Беларустун «Белавиа» улуттук авиакомпаниясы Беларус менен Европанын 20 аэропортунун ортосунда каттамдарды жүргүзүп келет. Алардын арасында Хельсинки, Амстердам, Милан, Варшава, Франкфурт, Берлин, Мүнхен, Париж, Рим жана Вена бар.

Батыш мамлекеттери, укук коргоо уюмдары, оппозиция авторитардык лидер Александр Лукашенконун бул аракетин сынга алып, Роман Протасевичтин бошотулушун талап кылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости