www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рахмонду торпок кезинен билген Медет Шеримкулов агабыз бар. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев социалдык баракчасына жазды.  

"Бөрү карыса бир койлук"  дейт элибиз, кандай айтсак дагы Тажик президенти Рахмонду торпок кезинен билген Медет Шеримкулов агабыз бар, сүйлөшүүгө президенттин атайын өкүлү катары ушу кишиге ыйгарым укук берип жөнөтүү керекпи дейм. Анын үстүнө аркы Иранда да бир топ жыл элчи болуп жүрдү, аймактык саясатты дагы, дипломатиялык өзгөчөлүктөрдү дагы жакшы түшүнөт.

Манас деле учурунда намыстанбай эле токсондогу Кошой карыяны күрөшкө салган. Азыр колдо бар ресурстардын барын колдонуу зарыл. Ырасмий дайындалган элчилерден башка, Тышкы иштер министирлигинин дипломаттарынан башка, коопсуздук жана чек ара кызматтарынан башка өлкө президентинин "Атайын өкүл" деген дагы кызматтагы адамдары болушу керек. Бул дагы өзүнчө керектүү "аспап", - дейт коомдук ишмер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости