www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн президент Садыр Жапаровдун жакын тууганы катары тааныштырып, алдамчылык менен ири суммада акча өндүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, шектүү («Ш.Н.Р.») Каракол шаарындагы мамлекеттик мекемелердин биринин жетекчисинен («К.Т.С.»), аны ошол кызматында калтыруу убадасы менен акча сураган. Кызматкер шылуунга 5 миң АКШ долларын жана 45 миң сом акча берген.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгү менен (“Ири суммадагы алдамчылык”) кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Каракол ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылат.

УКМК жогорку кызмат адамдарынын аты-жөнүн жана репутациясын пайдалануу менен кылмыштуу аракеттерге барган жарандарга катуу жаза колдонуларын эскертет. Мындай фактыларга туш болгондорду 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырат.

Атайын кызмат 3-июнда президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып 1 млн. 250 миң доллар каражатты алдап алууга аракет кылган жаран кармалганын мурдараак кабарлаган.

Мунун алдында президенттин маалымат кызматы өздөрүн президенттин жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылган абийирсиз адамдар болуп жатканын билдирип, аларга мамлекет башчынын тиешеси жоктугун кабарлаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости