www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жактоочу Канат Хасанов Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Балбак Түлөбаевден учурдагы абалга байланыштуу өкмөт тарабынан калктын аярлуу калкына азык-түлүк жактан берилип жаткан жардам тууралуу элге так маалымат берилиш керектигин айтып, элди алдабай, туура маалымат берүүнү талап кылды. Ал мэрдин басма сөз катчысына өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан видео аркылуу түз эфирден кайрылган.

Жактоочунун айтымында, Бишкек шаардык мэриясы, өкмөт гуманитардык жардамдын отчетун элге туура эмес берип жатат.

“Жумушчулар шаарчасында бир көчө бар, ал жакта депутат жашайт. Ошол депутаттын үйүнө 15 кап ун түшүп жатат. Анын жанында болсо, 15 карапайым адам жашайт. Алар эмне болот. Менде видеолор бар, сага көрсөтөм.  Моюнунда алтыны бар депутаттын аялы азык-түлүк алганга жазылыптыр. Уят!...Президентти да, элди да алдабай туура маалымат бергиле”,-деди жактоочу Канат Хасанов.

Мындан сырткары, жактоочу Балбак Түлөбаев өз ишин так аткарып, жакшы иштеп жатканын баса белгилеп, анын өзүнө эч кандай доосу жок экенин баса белгилеген.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев социалдык тармактарда жана коомчулукта кадыр барктуу киши. Ошондой эле, өзүнүн ишин жакшы билген, так аткарган кызматкер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости