www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Элмирбек Иманалиевди Бишкетиги ооруканалар кабыл албай коюшкан. Бул тууралуу маркумдун досу Кубат Болотканов "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

"Бишкектеги атайын ооруканага барсак, Фучикке жөнөттү. Ал жактан "карантиндин убагы" деп дарыгерлер кабыл албай, өтө кечиктирип коюшту. Элмирбектин кант диабети бар болчу. Эгерде убагында дарыгерлерибиз кабыл алып, медициналык чараларын көргөндө мындай нерсе болмок эмес. Болгондо дагы кыргызды туу кылар уулуна, сыймыгына ушундай мамиле жасалганына баарыбыз нааразы болуп турабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, КРнын Эл артисти, белгилүү төкмө акын, ырчы Элмирбек Иманалиев 19-апрелде ооруканага түшүп, 20-апрель күнү каза болгон.

Маркумдун сөөгү эртең, 22-апрелде саат 10-30да "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

NazarNewsтун жалпы жамааты маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости