www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстан өнүгүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.
--“Кыргызстан өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөбүз жакынкы жылдары кен байлыктары жана туризм тармагы менен өнүгүүгө багыт алат деп ишенем. Чет өлкөдөн билим алган мыкты жаштарыбыз дагы Кыргызстанга кайтып келип, өз салымдарын кошуп жатышат. Ошондуктан билим жагын дагы алдыга сүйрөп, кыйын кадрларды даярдашыбыз шарт. Андыктан айылдардагы мектеп, бала бакча жана социалдык абалга катуу көңүл бурушубуз керек. Ал эми мамлекеттик бюджет тартыш болуп, аймактардагы көйгөйлөр көп жылдан бери чечилбей келет. Айрым ишкерлер жеке өздөрүнүн каражаттарынан жакшы эле жардам берип калышат. Ошону менен катар эң негизги маселебиз чек ара маселеси чечилет. Мекенибиз күчтүү, элибиз ынтымактуу болот деген үмүт бар”, -дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg