www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарга кайрылды. Ал коронавирус пандемиясы учурунда ар бир адам өзү жана жакындарынын ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезиши керектигин эске салды.

Мариповдун айтымында, өкмөт массалык иш-чараларды эске албаганда чектөө киргизүүгө камынган жок.

«Ар бирибиз жакындарыбыздын ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезишибиз керек. Бул сиздердин коронавирус пандемиясы менен күрөшкө кошкон салымыңыздар болот. Биз 2020-жылдын июль айы кандай болгонун эсибизден чыгарган жокпуз. Ошол окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин санитардык нормаларды сактаганыбыздан айланадагы адамдардын саламаттыгы көз каранды. Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын жашоосун коркунучка кептебеңиздер. Эл көп топтолгон жерлерге, тойлорго барууну азайтыңыздар», — деди Марипов.

Өкмөт башчы вакцинаны биринчи кезекте улгайган адамдар алышы керектигин белгиледи. Ал ошондой эле өзү дагы жакында эмдөөдөн өтөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости