www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Ооганстанга катуу эскертүү берди

Коңшу Өзбекстан Ооганстанга чек ара келишимдерин бузгандыгы үчүн катуу эскертүү берди. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, 23-июнда салгылашуулардан кийин 53 ооган чек ара аскерлери жана жергиликтүү куралчан адамдар Шорттеп районунан Өзбекстандын аймагына өтүп кетишкен. Андан кийин алар өзбек чек арачылары тарабынан кармалып, мекенине кайтарылган.

"Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз өтүү аракеттеринин бардыгы катуу каралат жана мамлекеттик чек араны бузгандарга карата эң катаал чаралар көрүлөт", - деп айтылат Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган. 

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости