www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда көптөгөн кыз-келиндерди алдап, төшөк кумарына тартып жүргөн Молдо атын жамынган жаран пайда болду. Бул тууралуу блогер Илимбек Исраилов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. 

"Бул молдо буга чейин 100го чукул кыз-келин менен жыныстык катнашка барган. "Жин чыгарган молдонун уругу жиндерге уу болот. Мени менен кошулсаң жиниң өрттөнөт" деп, жаш кыз-келиндер барса көкүрөгүнөн, жатынынан кармалап, "ушул жагыңа жин жабышып алыптыр" - деп ар кандай жолдор менен дуба түшүргөнүн кулагыбыз чалды. Бул киши Ысык-Көл облусунун тургуну дешет. Өзүнүн аты Таабалды. Ылакап аты Табый молдо дешет экен", деген пикирин жазды Илимбек Исраилов. Мындай молдо кейпин кийген, адамдын аудиотасмасы соцтармактарда желдей тарады.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости