www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия менен Испанияда WhatsApp колдонуучулар таң калыштуу вируска туш болушууда – алардын контакттарында үрөй учурган нерсе пайда болуп, түн ичинде коркунучтуу сүрөттөрдү жөнөтөт. Немистердин Stern басылмасы жазгандай, өзүн Момо деп атап, жапон номери аркылуу сүйлөшкөн ал коркунучтуу аял-карганын кейпинде көрүнүп, үч жыл мурда каза болгонун айтат.
Момо ар кандай сүрөттөрдү жөнөтүп, керек болсо түндөсү видеобайланышка да чыгаары кабарланууда. Испан полициясы Момо менен байланыш түзбөөнү, коңгуроосуна жооп бербөөнү жана анын каттарын таркатпоону эскерткен расмий жарыя чыгарды.
Бул вирустун түпкү теги, алып келүүчү коркунучу али тактала элек.
Булак: NazarNews.kg