www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эстрадасынын таланттуу, сөзгө чечен ырчысы Нурмат Садыровдун жеке жашоосу жаңылыктарга абдан бай. Ата-энесине заңгырата үй куруп берип, келиндүү кылган ырчы мырзага жакшылык артынан жакшылык келүүдө. Сүйүктүүсү Азизага баш кошкон соң жыл айланбай түгөйлөр 2022-жылдын 1-июль күнү Ыйман аттуу уулдуу болушканын өздүк булактар билдиришти. 

Бул тууралуу ырчы мырза уулунун туулган күнүндө өзүнүн баракчасына “1-июль 2022-жыл архив. Биз үчүн ушул күн тарых”- деп эскерүү тарыхчасын жазып калтырган. 

Буга чейин ырчы мырзанын үйлөнгөнү тууралуу күбүр-шыбыр так эмес маалыматтар чыкса, жубайы менен бирге эс алып жүргөнүн көргөндөр болуп, кесиптештеринин тамаша-чынын аралаштыра “бойдок эмес”- деп айткандары да бар эле. “Бакыт тынчтыкты сүйөт”- деген девизди туу тутуп, жеке жашоосун элге жарыялабаган Нурмат гана жалгыз эмес. Шоу бизнес тармагында эмгектенген бир катар ырчылар жеке жашоосун чыгармачылыкка аралаштырбай келе жаткандарын практикада болуп келген жана боло бермекчи. Мисалга, Казакстандын мега популярдуу ырчы мырзасы Кайрат Нуртас жубайы жана төрт баласы бар экенин элден 10 жыл жашырып келгени бар. 

Кандай гана болбосун Нурмат мырзада жакшы жаңылыктар болуп, бакытка балкып жүрө беришине тилектешпиз!

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости