www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2027-жылга чейин Кыргызстандын экономикасына 630 миллион доллар инвестиция салууну пландоодо. Бул тууралуу аталган фонддук кеңештин Бишкекте өткөн 2023-2027-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы талкууланып жаткан жыйында айтылганын фонддун басма сөз кызматы билдирет.

"Азыр биздин алдыбызда Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо жана технологиялык кайра жабдуу боюнча жаңы масштабдуу милдеттер турат. 2023-2027-жылдарга карата стратегиянын алкагында орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 630 миллион долларлык жаңы долбоорлорду каржылайт. Инвестицияларды каржылоодон тышкары, биз долбоордук ыкмага басым жасайбыз. Өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, энергиянын кайра жаралуучу булактары, логистика, IT, инфраструктура жана башка тармактарда жаңы долбоорлорду колдойбуз", - дейт фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиковтун басма сөз кызматы.

Фонд 8 жыл ичинде Кыргызстандагы ар кандай долбоорлорду 520 миллион долларга каржылаганын айтат.

Маалыматта кошумчалангандай, фонддун стратегиясында ресурстардын мындан дагы чоң суроо-талапка ээ кыла турган жаңы насыялык продуктыларды иштеп чыгуу каралган. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ички түзүмү олуттуу модернизациядан өтөт жана фонддун ишкерлер менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүүгө жардам бере турган жаңы IT чечимдери жана электрондук платформалар иштелип чыгат.

"Биз бул стратегияны ишке ашыруу менен беш жыл ичинде фонддун насыя алуучуларынын продукциясын экспорттоо көлөмүн 1,2 миллиард долларга чейин көбөйтөт деп күтүп жатабыз. Аны ишке ашыруунун аягында алардын жылдык кирешеси болжол менен 1,5 миллиард долларды түзөт", - деп белгилейт Новиков.

Ал ошондой эле орус-кыргыз өнүктүрүү фонду учурда штаттык режимде иштеп жатат деп ишендирет. "Бизде бардык иштеп жаткан долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы өтүнмөлөрдү канааттандыруу үчүн жетиштүү каражат бар", - дейт ал.

Белгилей кетсек, орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке кирээр алдында кыргызстандык ишкерлердин биримдиктин шарттарына ыңгайлашуусуна колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Фонд Кыргызстандын экономикалык жактан эң келечектүү долбоорлорун жеңилдетилген шарттарда каржылайт. Орус тарап фонддун уставдык капиталына 500 миллион доллар берген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости