www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азыркы бийликке келгендердин 90 пайызы мыйзамсыз байышкан”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Азыркы бийликке келгендердин 90 пайызы мыйзамсыз байыгандар. Себеби, көптөгөн чоңдор буга чейин аябай эле жешти. Ошондуктан өлкөнүн казынасына кол салып, мамлекеттик мүлктү уурдагандарга катуу чара көрүш керек. Мисалы, аларды "төлөтүп чыгарабыз" деген туура эмес. Анда алар жей берели төлөп беребиз деп калган байлыктарын катып жатып алышат. Күнүгө кармап жатышат, бул абдан жакшы. Бирок биз үйлөрүн, автоунаасын гана билип жатабыз да. Ал эми калган байлыктарын жашырып, келемиштей чекесинен кемирип колдонуп жатышат да. Андыктан ууруларга 10-20 эсе мамлекетке каражат төлөтүп, анан камап, сыгыш керек. Ошондо башкалар коркуп эч ким коррупция кылбай, мамлекеттин мүлкүнө тийбей калат деп ойлойм”, - дейт саясатчы.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости