www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Астана" телеканалынын кабарчылары 19 жаштагы Аяжан Едилованын Алматыда өлтүрүлүшүнө шектүү адам жөнүндө жаңы маалыматтарды табышты.
Маалыматка ылайык, ал киши Шымкент медициналык академиясынын фармацевтика бөлүмүндө окуган. Бирок ал окуусуна жетише албагындыгынан улам экинчи курстан кийин окуудан чыгарылган.
Ал органикалык химия, микробиология жана философия сыяктуу сабактардан төмөн балл алган. Ошол эле учурда, мугалимдер аны чыр чатаксыз адам болгонун айтышат. Билим берүү мекемесиндеги жүрүм-турумуна эч ким даттанган эмес. Ошондуктан, мурунку студентинин кармалышы чынында эле мугалимдер үчүн катуу сокку болгон.
"Биз дагы тынчсызданып жатабыз. Бул биздин имиджге, биздин академияга доо кетирет. Биз үчүн, биздин академия үчүн бул чоң жоготуу деп ойлойм. Кесиптештеринин айтымында, ал тынч, токтоо болгон. Ал эч качан теңтуштары жана окутуучулары менен урушкан эмес", - деди Канат Дауренбеков, СКМАнын фармацевтикалык факультетинин деканы.
Ошол эле учурда шектүүнүн мектептеги окуу көрсөткүчү мыкты болгон. Окуусун алтын медаль менен аяктаган.
Эске салсак, ал алматылык Аяжан Едилованы мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелүүдө. Кармоо учурунда шектүү өз жанын кыюуга аракет кылган.
Булак: NazarNews.kg