www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чек арадагы элдин көбү көчүп кетип, адамдар аз эле калды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Чек арада бул баарыбыздын көйгөйүбүз. Ал жактагы адамдар көбү көчүп кетип, адамдар аз эле калды. Ушуну маселени туңгуч президент Аскар Акаев эле ошол кезде эле чечип койсо болмок. Себеби, оңой чечилмек. Ал кезде чек арадагы коңшу өлкөлөрдүн элдери абдан ынтымактуу жашачу. Кудаа сөөк болуп катташчу. Уруш талаш деген маселе жок эле. Партияга көнүп калган эл бийликти угуп эле жашап жүрүшчү. Кийинки президент Курманбек Бакиев деле бул маселени чечсе туура болмок. Эки мамлекет башчы ушул абалга алып келди. Азыр чек арадагы элдер жер талашып, урушуп абал оор. Бири-бири менен мурдагыдай катташпай калышты. Ынтымак жок болуп ал жака эл деле жашагысы келбей калды”, - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости