www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус аскерлеринин Мариуполь шаарын курчап алышы Киев менен Москваортосундагы сүйлөшүүлөрдү оорлотту. Бул тууралуу Украинанын сүйлөшүү тобунун мүчөсү, өлкө президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди.
Анын айтымында, азыр тараптардын түз сүйлөшүүлөрү качан калыбына келерин так айтууга мүмкүн эмес. "Сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жаткан дагы бир жагдай – Орусиянын Донбасска жаңы чабуулдарды жасоо үчүн өз позицияларын бекемдеп жатышы", - деди Подоляк.
19-апрелде "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймактын куралдуу күчтөрү украин армиясынын Мариуполь шаарындагы негизги коргонуучу жайы болуп жаткан "Азовсталь" металлургиялык комбинатка чабуул башташканын билдирген. Жикчилдердин өкүлү Эдуард Басуриндин айтымында, аталган объектиге чабуул жасоо үчүн атайын "чабуул топтору" даярдалып, аларга "Орусия жакшы жардам берүүдө".
19-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполдогу "Азовсталь" заводунда коргонуп жаткан украин аскерлерине багынып берүүнү сунуштады. "Украинская прада" басылмасынын маалыматына караганда, бул орус бийлигинин апрелдин башынан берки мындай сунуш менен үчүнчү жолку кайрылуусу болуп калды.
Орусиянын жана "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймактын күчтөрү Мариуполь шаарын марттын башында курчап алышкан. Андан бери "Азов" батальону менен деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын жоокерлери шаар үчүн күрөш жүргүзүп келишет.
18-апрелде "Азов" полкунун командири Денис Прокопенко дүйнө лидерлерине видеокайрылуу жолдогон. Ал Мариуполдогу "Азовсталь" заводунда жүз миңдеген жай тургундар чабуулдан коргонуп отурганын кабарлаган. Прокопенконун айтымында, муну орус аскерлери билет, ага карабай алар заводду аткылап жатышат. Прокопенко дүйнө лидерлерин "жашыл коридор" уюштурууга жана жай тургундарды, жарадар жоокерлерди жана сөөктөрдү алып чыгып кетүүнү камсыздоого үндөгөн.
Дүйшөмбү күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Донбасста орус армиясынын ири чабуулу башталганын билдирген. Андан мурдараак Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов орус армиясы православдардын Пасха майрамына чейин Донецк жана Луганск облустарын толугу менен басып алууну пландап жатканын айткан. Быйыл Пасха 24-апрелде белгиленет.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус күчтөрү Украинадагы согуштун кийинки фазасын баштап жатканын билдирип, негизги максат – Украинанын Луганск жана Донецк облустарын толугу менен өз көзөмөлүнө алуу экенин белгилеген. Акыркы жолу Украина менен Орусяинын өкүлдөрү согушту токтотуу боюнча 20-мартта Ыстамбул шаарында жолугушуу өткөргөн.
Булак: NazarNews.kg