www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО: Көчмөндөрбү же качкындарбы?

Бүгүн, Чолпон-Атада болуп өткөн Түрк тилдүү элдердин болуп өткөн самитинде бир кызыктай жагдай орун алды. Анда Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин сөзүн “көчмөндөр” дебестен “качкындар” деп адашып которгон котормочу айым соц тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан чагы.

Таралган видео тасмада өзбек президентти “көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрүп алгыла”- деп айтып жатса, котормочу тескерисинче “качкындар оюнун ийгиликтүү өткөрүп алгыла”- деп айтканын угууга болот. Жаңылыштык кетирип алган котормочуну соц тармактарда: “Ушундай чала сабат котормочу жалдаганча, котормочу жалдаган акчага дааратканаларды көбүрөөк салсак болмок” деп сын айткандар да болду.

Эске сала кетсек, Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башчыларынын VI саммити болуп өттү. Саммитке Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн башчылары катышты. Уюмга төрт мамлекет – Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө. Өзбекстан быйыл ардактуу конок катары катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости