www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жыл мурун тез аранын ичинде элге алынган “Сентябрь” телеканалы саясаттын курмандыгы болуп, чоң саясий иш-чаранын алдында жабылууга мажбур болду. Бирок, 21-кылымда интернет заманында телеканалдарды жабуу менен маалымат булагын жок кылып коюу мүмкүн эмес экенин “Сентябрь” телеканалынын ютубда "Жалбырак ТВ" болуп чыга баштаганы далилдеди.

Телеканал жабылган учурда ютуб каналда 70-80 миңдин тегерегинде подписчиги болсо, бир жылдан кийин 220 000ге жеткени “Сентябрдын” көрүүчүлөрү ютуб каналга көчүп келгенин билдирет. Ар бир саясий окуянын жарк этип жанган маалымат булагы болот.

2016-2018-жылдар аралыгында жүргөн конституциялык реформа, бийликтин оппонентерине, журналисттерге, маалымат каражаттарына каршы жүргүзгөн куугунтугу, президенттик шайлоо сыяктуу саясий процесстерди чагылдырууда "Жалбырак ТВ - Сентябрь" ар дайым чордонунда болду. Жалбырак ТВнын ютуб каналы бул убакыттагы саясий окуялардын архиви болуп калды. Жалбырак ТВнын ютубдагы көрүүлөрү башкаларды дагы ютуб канал ачканга шыктандырды. 

Бүгүн, Жалбырак ТВ ютубдун күмүш баскычын алды. “Сентябрь” каналынын түптөлүшүнө, команда чогултууга жана кыйын мезгилде ютуб каналга айланып, редакциянын алган багытынан жазбай иштеп кетишине салым кошкон Кайыргуль УрумкановаКанышай Мамыркулова баштаган эжелерибиздин жана башка иштеп кеткен бардык журналисттердин эмгеги эсте. Эми катталуучулардын санын миллионго жеткирип ютубдун алтын баскычын алууга бел байладык, дейт Жалбырак ТВнын эмгек жааматы.

Биздин NazarNews.kg маалымат агенттигинин атынан биз дагы кесиптештерибизди жетишкендиктери менен куттуктайбыз! Дагыда бийиктей бериңиздер!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости