www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва шаарында полиция кызматкеринин өлүмүнө шектелген адам камакка алынды. Айрым маалыматтар боюнча, ал Кыргызстанда төрөлүшү мүмкүн.

Ал эми Россиянын «Лента.ру» басылмасынын маалыматы боюнча, камактагы шектүү — М.Нурлан, ал Оренбургдан. Окуя бүгүн, 3-сентябрга караган түнү болгон.

«Шектүүнү метронун кызматкери тааныды. Ал (аял киши) кызматтык бөлмөдөн дабыш угуп, текшерүү үчүн барганда алдынан бейтааныш эркек киши жолуккан. Ал эми бөлмөнүн ичине киргенде полиция кызматкери жерде жатканын көргөн», - деп айтылат басылманын маалыматында. Ал эми М.Нурлан бул кылмышка катыштыгы жок экенин айткан.

Тергөөнүн алгачкы версиялары боюнча, шектүү маркумга кызматтык бөлмөдө кол салып, анын табелдик куралын тартып алган. Кайра ошол курал менен өлтүргөн.

Россиянын Тергөө комитети расмий ютуб-каналына видеокамерада сакталып калган тасманы жарыялаган. Андан шектүү кылмыштан кийин дароо «Курская» метросунун станциясынан кеткенин көрүүгө болот.

Булак: "Турмуш"
 

Последние новости