www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бул жолку уюштурулушу анын бир нече тепкичке жогору көтөрүлгөнүн көрсөтүүдө. Мунун айкын далили катары Режеп Тайип Эрдоган, Нурсултан Назарбаев, венгр премьери Виктор Орбан, Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун катышып жатышын айтууга болот. Буга чейинки Оюндарда Алмазбек Атамбаевдин жанынан татар президенти Р.Миннихановду кошпогондо, актер Стивен Сигал менен “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллерди гана көрүүгө болоор эле. Бул жолку Көчмөндөр оюндарынын уюштурулушу анын жаңы деңгээлге чыкканын – иш-чаранын стратегиясы бизнес кызыкчылыктан мамлекеттик саясатка карай бурулганын көрсөттү. Мында Сооронбай Жээнбековдун орду мурунку президентке караганда салыштыргыс жогору тураары талашсыз.

Баса, элди шаңга бөлөгөн ырчы-чоорчуларды деле эске салып сын айтпай кетпесек болбойт. Алсак так ушул таптарда социалдык тармактарда ырчы, Рыскелди Осмонкуловдун Көчмөндөр оюндарындага ачылыш аземинде кийинип чыкканы талкуу болууда.

Алсак, белгилүү блогер Акбалык Жумалиева, Рыскелди мырза эл-журтту сыйлап бир күн улуттук кийим кийип койсо "супер модный" стили бузулуп калбайт эле”, деп пикир  калтырса, журналист Кудрет Тайчабаров,

“Рыскелди каяка барганын унутуп калган окшойт. Мен режиссёр болсом чыгармак эмесмин сахнага. Ырыскелди болсо өзүнө Ырыскелди да... Кантип ошентип кийинсин? Дагы жакшы операторлор “крупный план” менен тартпады...”, деп жазды.

Чындыгын алып караганда ырчы Рыскелди Осмонкуловду сахнанын эрежесин билбейт дейин десек, карып калган карышкыр ырчылардын бири. Демек, ырчынын бул кадамы тоготпостук болсо керек. Өзүнөн ой-пикир күтөбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости