www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктуруп алган Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жандандыруу бөлүмүндө жаткырылды. “Взгляд” гезити Улуу Бриатния жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик башкаруу органдарына коронавирустун тийген таасири тууралуу жазып чыкты.

Буга чейин, 26-мартта Жонсон коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталган. 6-апрелде анын абалы начарлап кетип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Премьер-министр кычкылтек алып жатат, бирок ИВЛге туташтырылган эмес.

Борис Жонсон ыйгарым укуктарын убактылуу Тышкы иштер министри Доминик Раабуга өткөрүп берди. Ошондо да аны өзү тандады. Эгер Рааб дагы ооруп калса, анын ордуна казыналыктын канцлери Риши Сунак келет деп гезит белгиледи.

Басылма Улуу Британиянын өкмөтү кандай гана жагдай болбосун, видеоконференция аркылуу да иштей тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, башка мамлекеттерде башкаруу үчүн олутту кесепеттер болбойт.

Пандемиядан улам, бир нече убакытка чейин, бардык өлкөлөрдүн лидерлери санитардык коопсуздуктун күчөтүлгөн режимин сакташат. Кол астындагылар жана дүйнөнүн башка лидерлери менен азыраак байланышта болушат, бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин "баары өз калыбына келет”. Ошол эле учурда, гезит ден-соолугу жагынан айырмаланбаган лидерлердин үлгүлөрүн тарых билет деп эскертти. Ошентип, майыптар коляскасында отурган Франклин Рузвельт АКШны 12 жыл башкарды, Юрий Андропов СССРди ооруканадан алып чыкты, жарым шал болуп калган Президент Бутефлика Алжирди башкарды, 80 жаштагы Уинстон Черчилл ден-соолугунун начардыгына карабастан өкмөттү жетектеди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости