www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бек Борбиев

Кыргыз эстрада жылдызы Бек Борбиев айрым саясатчыларды сабырдуулукка чакыргыла деген пикирин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Бүткүл дүйнө карантинде отурганда "бул оору жөн эле саясат"деп, сүйлөп турган саясатчыларды түшүнбөйм. Дүйнө жүзү кыргыздар саясат жасап алсын, биз дагы үйдө олтурумуш болуп туралы дегендейби? Мындай сүйлөгөндөрдү саботаж деп түшүнсөк болот. Анткени бул илдет саясат эмес ооруу болуп чыкса, кыргыз кырылсак, ким жооп берет? Жанагы саясат деп аткан саясатчыбы?

Жок, өкмөт, президент, бийлик жооп берет.

Демек, мындай мазмунда тибирегендер, азыркы бийликтин оппоненттери бийликке каршы саботаж.  

Менимче, азыркы өкмөт, Бишкек мэриясы өтө дыкат иш алып барып атканы үчүн, массалык оорунун таркоосу жок, башка өлкөлөргө салыштырмалуу минималдуу жоготуу менен чыгып кетебиз, буйруса. Эң негизгиси сабырдуулук достор, сабырдуулука чакыргыла саясатчылар", - деп Бек Борбиев жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости