www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантинде мектеп окуучуларына сабактар кандайча, кантип өтүлүүдө? Бүгүн, 8-апрелде NazarNews маалымат агенттиги Чүй облусунун Байтик айылындагы А.Сүйүнбаев атындагы Орто-Алыш мектебинен кабар алды. Аталган мектептин директору Зейнеп Кожомкулованын айтымында, карантин окутуу процессине кыйынчылык жаратууда. Бирок мобилдүү түрдө сабак өтүүгө аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

"Карантин сөзсүз түрдө оорчулук жаратты. Биз мындай болот деп түк ойлогон эмеспиз. Бирок ага карабастан, Билим берүү министрлиги, райондук жетекчилер баш болуп, маалыматтык технологияны тездик менен үйрөнүп, мобилдүү түрдө окууга аргасыз болдук. Буга чейин WhAtsapp сыяктуу интернет булактарын колдончубуз. Чынын айтканда онлайн сабактарга анча деле даяр эмес элек. Classroom, Zoom программаларын колдонгонубуз менен маселе байланышта болуп жатат. Кээ бирөөнүн телефону интернетти жакшы тартпайт, дагы бирөөсүндө телевизор, талапка жооп берген телефон жок. Ата-энелер менен байланышып дистанттык окутуу тууралуу түшүндүрдүк. Интернеттеги программаларга кирүүгө шарты жоктор тапшырманы WhAtsapртан ала алышат. Айта кетчү көйгөй, биринчилерден болуп Билим берүү министрлигине жардам көрсөткөн "Мегаком"  компаниясына ыраазычылык билдиребиз, бизди абдан кубандырды. Мугалимдер сим карта сатып алышкан, ал эми балдар 1 ай бекер  "окуучу" деген тарифке өтүшкөн. Биз байкаган нерсе, окуучулар "Мегаком"  компаниясынын интернети жакшы тартпай жатканын айтып жатышат. Бул компанияга эч кандай күмөндүгүм жок. Анткен менен азыркы шартка жараша интернет жакшы иштебей, кыйынчылык туудуруп жатканын айткым келди", - деди Зейнеп Жумабековна.

Мындан сырткары, мектептин директору мугалимдердин телефону жөнөкөй болгондуктан, айрым балдарга өз алдынча  сабак өтө албай атканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости