www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын жараны өлкөдөн 10 миңден ашуун бет капты Польшага алып чыгууга араккет кылган. Бул тууралуу украиналык маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, бет каптардын контрабандасы 11-мартта Польша менен Украинанын чек арасынан кармалган. Товарды Украинанын жараны “Фольксваген” үлгүсүндөгү унаасы менен өткөрүп бараткан.

Текшерүү учурунда чек арачылар унаанын багажынан атайын жашыруун жерин табышкан. Андан 10 653 бет кап чыккан. Бет каптар менен унааны алып калышты. Жүктүн жалпы суммасы дээрлик 356 миң гривенди (миллион сомдон ашуун) түздү.

Белгилей кетсек, коронавирус эпидемиясынан улам көпчүлүк мамлекеттер бет капты башка өлкөлөргө чыгарууга жана сатууга тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости