www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 7-февраль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Аксы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн 102 телефон номуруна Аксы аймактык оорукананын дарыгери, аталган оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну, жаш өспүрүм 2004-жылы туулган Т.М. денесинен жараат алып, ооруканага түшкөндүгүн кабарлаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 2020-жылдын 6-февраль күнү саат 13:30 чамасында Авлетим айылындагы №5 А.Кабаев орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде өзүнө теңтуш 9-класста окуган 6 бала “Чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгондугу такталган.

Жабырлануучунун апасы 1981-жылы туулган. О.З. арыз менен Аксы РИИБне кайрылган.

Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өндүрүш ишинин алкагында Аксы райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун апасы О.З. мыйзамдуу өкүлү деп табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө О.З. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз менен кайрылган. Бирок Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арыз канааттандыруудан баш тартылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, жабырлануучу денесине анча оор эмес залал келтирилгендиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш жыйынтыктоодо турат жана иштин материалдары жакын арада соттук териштирүү үчүн сотко жөнөтүлөт. Жогорудагы факты боюнча аймактык ИИО тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Аксы РИИБдин жетекчилиги милициянын ыйгарымдуу өкүлүнө өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана начар профилактикалык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн “Сөгүш” тартиптик жазасын жарыялаган.

Жашы жете электердин иштери боюнча инспекторуна укук бузууларды алдын алууну күчөтүү, профилактикалык чараларды көрүү керектиги айтылды.

Ага карата кызматка бир жума мурда дайындалганына байланыштуу жаза колдонулган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости