www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белоруссияда бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата Жеңиш парады болуп өттү. Анда өлкөнүн президенти Александр Лукашенко сөз сүйлөп, ардагерлерди, аскерлерди жана жалпы беларусь элин Жеңиш күнүн менен куттуктады.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Александр Лукашенко парадга мурунку СССРге кирген мамлекеттердин өлкө башчыларын чакырган. Бирок, алар дүйнөлүк пандемияга байланыштуу бара алышкан жок.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус аныкталган өлкөлөрдүн ичинен жалгыз Белоруссия Жеңиш парадын өткөрдү.

Коронавирус катталбаган Түркмөнстанда дагы Жеңиш күнү майрамдалды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Белоруссияда коронавирусту жуктургандардын саны 22 миңден ашуун болсо, 6 миңден ашуун адам айыкты жана 126 адам илдеттен көз жумду. Өлкө башчы Александр Лукашенко коронавирустун күчөп жатканына карабастан, өлкөгө карантин жарыялаган жок. Тескерисинче, президент элин эшикке чыгууга, таза аба дем алууга чакырды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости