www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбековду  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Улуу Жеңишке мурунку Советтер Союзунун бардык элинин жалпы душманга каршы бир сапка туруп жасаган эрдигинин, каармандыгынын, биримдигинин жана жанын аябастан эмгектенүүсүнүн натыйжасында жетишилген.

Согуш талаасында жана оорукта биз үчүн жеңишке жетишкендердин элесин эскерип, алардын теңдешсиз эрдиги менен сыймыктанабыз.

Мезгилдин сыноосунан өткөн биздин өлкөлөрдүн достук жана кызматташтык мамилелери боордоштуктун, өз ара сыйлоо, колдоо жана жардам берүү салтын улап, мындан ары да элибиздин жыргалчылыгы, тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн бекемделип, өнүгө берерине ишенемин.

Сизге бекем ден соолук жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык, бакубаттуулук, мындан ары да туруктуу өнүгүп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет Тажикстандын Президентинин куттуктоосунда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости