www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-майда эпидемиологиялык абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип өтүп, андан соң суроолорго кезек берилди.

"11-майда коомдук транспорттун жүрүп башташы коом үчүн коркунучтуу эмеспи? Эгер коронавирус инфекциясы көп катталып баштаса, ага шарт түзүлгөнбү? Бейтаптар жаткырылчу жай жетиштүүбү?" деген суроого Үсөнбаев "Коомдук транспорт менен жүрүп баштаганга санитардык талаптар, эрежелер иштелип чыккан. Айдоочулар да көзөмөлдө болот. Такси кызматы, транспортторго адамдардын кирүүсүнө чектөөлөр болот. Ал эми коронавирус жуктургандар көбөйүп баштаса, аларга керектүү шарттар каралган", - деп жооп берди.
Булак: NazarNews.org

Последние новости