www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россияда такси кызматында иштеген кыргыз жараны пенсионердин 25 000 рубль акчасын сактап калды. Бул тууралуу видеотасма Фейсбук социалдык тармагына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, окуя 5-майда болгон. Такси кызматында иштеген кыргыз жигитине заказ келип түшөт. Ал заказды алганда, кардары телефон менен байланышып, даректи айтат.
“Ал жакта сени бирөө күтүп турат, дарекке жеткенде телефонду ошол адамга бер”,-деп таксистке карадары айткан.
Аталга дарекке барганда пенсионер аял чыгып, телефонду карматканда, колу калтырап, ыйлагысы келип сүйлөшкөн. Телефон менен байланышып жаткан кардар өзүн пенсионердин небереси болом деп таныштырып, ооруп жатканын жана ага акча керектигин айткан. Ал акчаны кыргыз жаранына карматкан.
Заказга келген кыргыз жараны кардарга бара жатканда, ал телефон менен байланышып, 2000 рублду өзүнө алып калып, калганын терминалдан салып коюусун айткан. Ошол жерден, кыргыз жараны бир нерсени шекшип калып, алдамчыларга туш болгонун түшүнгөн. Кайра пенсионердин дарегине келип, 25 000 рублду кайтарып берген.
Видео-https://www.facebook.com/nurmat.dzhantaev.7/videos/2574207832841405/
Булак: NazarNews.org