www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Улукбек Маматаевди кепке тартып, коомчулуктун талкуусуна алынып жаткан айрым жагдайлар жана чек ара боюнча ой бөлүштүк.

--Улукбек мырза, чек ара маселесин тынчтык жол менен чече турган жолу барбы?

--Негизи чек ара маселесин  сүйлөшүү дипломатия жолу менен чечкенге аракет кылыш керек. Болбосо  президенттер жолугушуп чечүүнүн жолун табышы  зарыл. Эгер алардын жолугушуусу да жыйынтык бербесе  анда согушууга туура келет. Эки мамлекеттин согушуусуна сөзсүз түрдө үчүнчү жактар дайыма кызыктар болот. Менин байкашымча, акыркы жылдары тажик тарап  провокацияларга көп барып жатышат. Алардын мындай жоруктары жакшылыкка алып келбейт. Ошондуктан мындай көрүнүштү токтотушу керек. Себеби, бир күнү өздөрүнө жараша жооп болуп калышы толук ыктымал.

--Өзгөчө кырдаалдар министринин сел жүргөн аймактарга барбаганы коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Негизи министр кырсык болгон аймактарга сөзсүз барышы керекпи?

--Кыргызтандын кайсы жеринде кандай кырсык болсо Өзгөчө кырдаалдар министри сөзсүз барышы керек, жеринде болгон жагдайды көрүп ошого жараша иш кылышы зарыл. Эмне үчүн барбаганынын себебин тактап анан жыйынтык чыгарсак туура болот го деп ойлойм.

--Кубанычбек Жумалиевдин түз эфирде Куран кармап, “коррупциялык иштерге аралашкан жокмун, 1 миллион доллардан ашык байлыгым жок” дегени да коомчулуктун талкуусун жаратты. Ал куран кармап туура кылдыбы же ачууга алдырдыбы?

--Биринчиден, биз Ислам мамлекети эмеспиз биз светтик өлкөбүз, биздин баш мыйзам бул Конституция болуп эсептелет, экинчиден олигархтарды эч качан Куран китеп менен коркута албайсың. Алар бул деңгээлден эчак өтүп кетишкен, алар үчүн башка баалуулуктар биринчи орунда турат. Кимдир бирөөнүн тапкан байлыгы күмөн жаратып атса, фактылар менен тийиштүү органдарга кайрылуу керек, соттун чечими болмоюн бирөөгө күнөө коюу туура эмес. Баардык иш мыйзам чегинде жүрүш керек.

Булак: NazarNews.org

Последние новости