www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Россия жана Кыргызстан элдери фашисттик баскынчыларга каршы каармандык менен күрөшүп, келечек муундар үчүн жер жүзүндө тынчтыкты коргогондордун элесин ыйык тутуп, урматтап келишет.

Ата-бабалардан мурас болуп калган достуктун жана өз ара жардамдашуунун даңктуу салттары мындан ары да кыргыз-орус мамилелерин биримдик жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүктүрүүнүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине жана заманбап чакырыктарга, анын ичинде коронавирус пандемиясына каршы турууга жардам берерине бекем ишенем», — деп белгиленет телеграммада.

Президент Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине чын жүрөктөн ден соолук, бакубаттуулук жана узун өмүр каалады.

Булак: NazarNews.org

Последние новости