www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Геленжиктеги сарай ишкерлерге таандык экенин жана Кремль алардын атын атабай турганын билдирди.

Президент Владимир Путин күн мурун Кара деңиздин жээгиндеги объект ага жана анын жакындарына эч тиешеси жок экенин айткан.

Песков сарайга түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылган бир же бир нече кожоюн болушу ыктымал экенин белгиледи. “Бирок Кремлдин анын ээлеринин атын атоого укугу жок, атай турган ниетибиз да жок, бул туура эмес болуп калат”, – деди ал.

Өткөндө оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фонду президент Владимир Путинге таандык деген имараттар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Краснодар аймагындагы Геленжикке жакын жердеги Путинге таандык деген “хан сарай” тууралуу сөз болот. Анын курулушу Путинге табакташ бизнесмендердин офшордогу эсебинен каржыланганы айтылган.

Путин иликтөөнү “компиляция” (аниме-фильм) деп атаган.

Бул арада жалданма үч компания Навальныйдын иликтөөсүндөгү “Путиндин сарайы” чын эле Орусия президенти үчүн курулганын тастыктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости