www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга өткөнү жакшы, алтын өндүрүүдөн пайда болгон бардык төлөмдөр эми кыргыз казынасына түшөт, бирок жалпы иштер боюнча толук ачыктык камсыздала элек, коррупциялык иштер дагы толугу менен жоюлду деп айтуу кыйын. Мындай пикирин Кумтөр боюнча эки китеп жазган Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"2008-жылга чейин "Кыргыз алтын" ишканасы 62 тонна күмүш саткан. Бирок, анын 62 тыйыны да мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес. Ал эми, андан бери 200 тоннадан ашык күмүш сатылды. Казылып алынган кенди канадалыктар сатат деп көпчүлүк эл ойлойт, бирок андай эмес. Башынан эле алтынды дагы, күмүштү дагы "Кыргыз Алтын" сатып келет", - дейт Исабеков.

Айта кетсек, Кумтөр алтын кени негизинен Советтер Союзунун убагында 1978-жылы эле геологдор тарабынан табылган. 716 тонна алтындын запасы бар кен ал кезде СССРдин аймагында үчүнчү орунда турган. 

Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости