www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн социалдык тармактарда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан сатып алынган Тез жардам унаасы бузулуп калган видеотасма тарады. 

Окуянын күбөсү автоунаа жолду катар бузулуп келгенин билдирди. Эки айдоочу кыймылдаткычта (мотор) көйгөй бар экенин айтышып, пикир алышкан. Ал эми төмөндөгү тасманы көргөн колдонуучулардын сын-пикирине себеп болду.

Эске сала кетсек, кечээ, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан калкка ыкчам медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Дүйнөлүк банктын “Кыргызстандагы кырсыктарга жана коркунучтарга туруштук берүү деңгээлин жакшыртуу” долбоорунун алкагында (ERIK) жалпы суммасы 764,900,0 АКШ долларына 13 “В” классындагы тез жардам унаалары алынганы кабарланган.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен үч транспорт каражатына өпкөнү жасалма желдетүү жабдуулары орнотулган.  Жаңы алынган ыкчам медициналык жардам көрсөтүүчү унаалар Кыргызстандын 7 облусуна таратылып берилери, бардык унаалар ыкчам жардам көрсөтүү жана бейтапты ооруканага ташып жеткирүү үчүн зарыл болгон медициналык шаймандар менен жабдылганы  айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости