www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйын берди. Анда өлкөдөгү коронавирус менен пневмония оорусунун статистикасы бириктирилерин айтты.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин Улуттук клиникалык колдонмосунун 3-версиясын бекитти. Аталган Улуттук клиникалык колдонмосу COVID-19 илдетинин даражаларынан, ооруган бейтаптарды дарылоо алгоритминен, аны менен бирге өпкөнүн сезгениши (пневмония), стационардык жана амбулатордук жардамды көрсөтүүдөн турат", - деди Исмаилова.

Анын айтымында, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан кабыл алынган Эл аралык ооруларды классификациялоого ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шарттарында колдонулат. COVID-19 илдетин лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок клиникалык белгилери бар болуп, рентген аркылуу билинген 07.2 кодуна таандык келээри аныкталды.

"Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР-анализ менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиологиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат", - деп кошумчалады Аида Исмаилова.

Эске сала кетсек, 16-июлга карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан жалпы 167 бейтап каза болсо, пневмониядан март айынан бери 612 адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости