www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоону унутпаш керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун жүрүшүндө. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы осетр икраларын, форелден ар кандай продукцияларды жана чала фабрикаттарды өндүргөн «Аква Сервис» ЖЧКсы ишканасына барды. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, ошондой эле Россия жана Казакстан рынокторуна дагы экспорттолот.

Ишкананын жетекчиси Ренад Досаев Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү  боюнча улуттук кеңешинин алдында түзүлгөн Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү  боюнча комитеттин мүчөсү болуп саналат.

Ал өлкөдөгү балык чарбасынын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

«Аталган комитет өлкө экономикасынын бардык чөйрөсүнө, анын ичинде балык чарбасына сезилерлик колдоо көрсөтүп келе жатат. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн көп иштер жасалды. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан балык чарбасын колдоого жакшы көңүл бурулуп жатат, андан улам бүгүнкү күндө Кыргызстан региондо  форель балыгын негизги ташуучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат», — деп белгиледи Ренад Досаев.

Кыска убакыттын ичинде анын чарбасы балык өстүрүүнү 50 тоннадан 5 миң тоннага чейин көбөйтүүгө жетишкен.

Мамлекет башчысы мамлекет мындан ары дагы аймактардагы экспортко жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган ишкерликти өнүктүрүүгө жана өндүрүштү кеңейтүүгө көмөктөшөрүн баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес менен диалог ар түрдүү аянтчаларда, анын ичинде бизнестин актуалдуу маселелерин чечүү үчүн мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда диалог аянтчасы болууга багытталган КР Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү  боюнча комитеттин алкагында да активдештирилерине ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости