www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-июлда Түркиядан бир нече тонна гуманитардык жардам катарында дары-дармектер, медициналык жабдыктар жана кийимдер келди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы пандемиянын жогорку таасиринин астында турганда, бул абдан чоң жана өз убагында көрсөтүлгөн жардам болду. Мындай пикирин жарандык активист Максат Чакиев билдирди.

--Июль айында Кыргызстанда Ковид 19 илдети Кыргыз мамлекетинде кескин түрдө катпай баштады. Ооруган адамдардын саны он миңден, ал эми жаман илдеттен каза богондордун саны күнүгө жүзгө жакын болуп жатты. Тилекке каршы, Кыргыз Өкмөтү бул илдетке такыр даяр эмес экенин толук көрсөтүп, башка мамлекеттерден жардам сурады. Мындай көрүнүш баардык эле мамлекеттерде болуп жатат. Кыргызстанга биринчилерден болуп, жардам колун боордош Түркия мамлекети сунуп, Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын буйругу менен бир нече тонна медициналык жардамды келди. Бул кадам менен Түркия эли тилибиз гана эмес, каныбыз бир экенин далилдешти! Мен, Кыргыз жараны катары, Түркия Президентине, Түркия элине терең ыраазычылыгымды билдирем!- деди Максат Чакиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости