www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Кыргызстанда дарыгерлердин, дары-дармектин жетишсиздиги, илдетке кабылгандардын өлүмүнүн азайбай жатканы өкмөттүн чабалдыгын, координациянын жоктугун көрсөтүп жатабы же анын башка себептери барбы?
-Көптөгөн адамдар Кыргызстан мамлекет катары өз жашоосун жашай албай, бушайманга түшүп калганын байма-бай айтып, жазып тизмектей башташты. Башкача айтканда, мамлекетке ар тараптан кооптуулук пайда болгонун так белгилеп коюубуз абзел. Дүйнө жүзүн каптаган жугуштуу катаал илдеттин капташы Кыргызстанды кыйгап өткөн жок.
Бул илдетти алдын ала чараларды көрүп, азыркыдай абалга жеткирбей коюуга толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок шалтурук өкмөт чындыкты айтуунун ордуна жаап-жашырып, алсыздыгын, жөндөмсүздүгүн көрсөтүп алышты. Кыскасы, адамдардын массалык түрдө өлүп жатышы бийликтин бардык бутактарында иштин көзүн таба албаган шалтурук, паразиттер олтургандыгын аныктап салды. Сырттан канчалаган каражат келсе да, эл өз арбайын өзү согуп, илдеттен кутулуу иш-аракетин өздөрү көрүп жатышат. Колунда бары колунда жогуна берип, эптеп аман калуунун айласын издеп, илдет менен күрөшүп жатышат.
Ал эми дары-дармектин тартыш экенин Өкмөт, ЖКдагы "чимкириктер" билишкен жок деген сөздүн өзү чекилик. Алар баарын билишкен. Кээ бир жүзү кара чиновниктер, бети жок медкызматкерлер өз бизнесин жүргүзүп, кызыл кулактык кылышканын да ЖМКлар ашкерелеп, ачык жаза башташты. Өлүмдүн азайбай, дары-дармектин жетишпей жатышына Кыргызстандагы болгон бийлик бутактары күнөөлүү. Булардын баары мезгили келгенде жооп беришет. Эл азыр кеменгерлик кылып күтүшүүдө, сабыр кылуунун аягы да бүтөт. Ошондо эл жарылбайт деп ким кепилдик берет? Чабал бийлик координациялап башкармак турсун өз айласын таппай желкесин кашыган мокок акылы кем адамдан айырмасы жок, олтуруп калды. Бул да факт...
-Мамлекеттик жооптуу кызматта иштеп коронавируска кабылгандар илең-салаң болбой кызматын тапшырышы керекпи же кызматын сактап отура бериши шартпы?
-Сөздүн чыны ооруга айла жок дегенибиз менен илдетти жугузган мамлекеттик чоң кызматкерлер жоопкерчилигин сезип, кызматтарын тапшырса жакшы болмок, кетип калышса эл сүйүнмөк. Бирок бизде андай күн кайда? Кызматтан кубаламайынча кетишпейт да? Мурдуларын балта кеспеген бийликке кумары канбаган бир ууч арсыз чочоңбайлар кетер күндөрүн санап олтурушканын эл жашырбай эле айтып калышты.
Булак: NazarNews.kg