www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районунун тургуну Сиядаткан Ноорузбаева NazarNews маалымат агенттиги аркылуу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады:

«Урматтуу Садыр Жапаров, менин 1988-жылы туулган балам Анарбеков Тынчтыкбек Камчыбековичти укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер «подстава» кылып, 10 жылга эркинен ажыратты.

Токтогул районунун тергөөчүлөрү баламдын чөнтөгүнөн баңгизат салып коюшкан.

Баламды алдап, сабап бети-башын канга боёп үйгө бейтаныш бир топ жигиттер алып келишти. Алар баламдын чөнтөгүнөн баңгизат таап алышканын айтышты. Алар өздөрүн тааныштырбай туруп, үйдү тинтүүгө киришти. Мен болсо баламдын канга боёлгон абалын көрүп алардын ким экенин сурасам «НПОшниктербиз» - деп жооп беришти. Эч кандай уруксаты жок эле үйдү тинтип башташты. Алар бизди басмырлап, намыска тийчүү сөздөрү да айтты: «өзүңөрдү бага албай жатып ит кармайсыңарбы...» деп.

Үйдөн эч нерсе таппай баламды кайра бөлүмчөгө алып кетишти. Ал жерден балаңарды чыгарып алам десеңер 500 000 (беш жүз миң) сом бергиле деген талап коюшту. Бизде ал акча кайдан болсун?! Ошол эле жерден баламды психикалык жактан жабыркаган деп ооруканага жаткырышты. Ал жерден келген келгенден кийин аны өз ара сүйлөшүп, жең ичинен чечишип 10 жылга камап салышты. Бейкүнөө жерден балам 10 жылга эркинен ажыратылды.

Мен бир канча жерге кайрылдым, бирок, эч натыйжэа болбоду. Жада калса биздин жактоочу алардын тарапка ооп кетти. Мен баламды «подства» кылган адамдарды билем. Бирок, күч органдары аларга чара көрүүгө күчү жетпейт көрүнөт...

Урматтуу президент Сизден ушул маселени өз көзөмөлүңүзгө алып, адилет чечип берип берүүңүздү суранам. Менин какпаган эшигим калган жок. Айла амалым да түгөнүп турат. Мен адилетсиз, бейкүнөө камалган баламды актоо үчүн төрт күн ачкачылык жарыялап Өкмөи үйүнүн алдына чыкканда да мага эч ким көңүл бурбай койгон. Маселени карап берүүсүн суранып Башкы прокурор Курманкул Зулушевге барсам, кабыл албай, карматпай унаасына отуруп качып кетти. Эми бир гана үмүтүм сизде. Баламдын ишин адилет чечип бериңиз».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости