www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партиянын лидери Владимир Жириновский Либерал-демократиялык партиянын шайлоо алдындагы жыйынтыктоочу курултайына үч ат сүйрөгөн арабада келди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жириновский активисттерден желекти желбиретүүнү токтотууну талап кылган. Анткени аттар үркүп, кыймылдай алышпай калган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылгандай, ат коркконунан артына үйүлгөн кык калтырып, ал жердегилерди тамашага салган.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, Либерал -демократиялык партиянын лидери өз сөзүндө саясий күрөштү эң кыйын жана татаал деп мүнөздөдү, анткени «душмандын армиясы, атаандаш спортчулардын командасы жок».

Ошол эле учурда саясатчы кайрадан 1917-жылдагы революцияны сынга алган. Анын айтымында, «түн ичинде» бийликке «кылмышкерлер, бандиттер, аферисттер» гана келет.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик Думага шайлоо 17-19-сентябрда өтөт. Жалпысынан бардык 85 региондо 4,4 миңден ашуун шайлоо өнөктүгү өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости