www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доскул Бекмурзаев Бишкек жылуулук электр борбору энергетика тармагындагы муундардын өз ара байланышын, тажрыйба алмашуусун бекемдеген станция экенин билдирди.

«60 жылдын аралыгында жылуулук электр борборунда иштеген адистердин 3 мууну алмашты. Бүгүнкү күндө кезинде ЖЭБди куруп, аны өнүктүрүүгө салым кошкон энергетиктердин неберелери иштеп жатат. Бул атадан балага өткөн улуу кесип экенинен кабар берет. 60 жылдын ичинде жылуулук электр борборунун иштөө технологиясы өзгөрүп, жабдуулар алмаштырылды. Бирок чейрек кылымдан ашык убыкттан бери калкты жылуулук жана жарык менен ишенимдүү камсыз кылуу милдетин мурдагыдай калыпта аткарып келүүдө», - деди Энергетика жана өнөр жай министри.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБи - Кыргызстандын эң ири жылуулук электр станциясы. Анын курулуш иши 1958-жылы башталып, 1961-жылы кубаттуулугу 25 МВт болгон биринчи турбоагрегаты ишке берилген. Учурда ЖЭБдин кубаттуулугу 800 МВт түзөт. Жылына 1-1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы 132 миң абонетти жылуулук менен камсыз кылат.

Иш-чарада энергетика тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон Бишкек ЖЭБинин бир нече кызматкерине Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

«Бишкек ЖЭБинин туруктуу иштешинде жылуулук борбордогу ар бир жумушчунун, кызматкердин бараандуу салымы бар. Эмгек жамааттын алдында жылытуу мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдети турат. Бул милдетти аткарасыздар деп ишенем. Анткени ЖЭБде өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер эмгектенет», - деди Доскул Бекмурзаев.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБи көмүр, газ жана мазут менен иштейт. Жылына бир миллион тоннадан ашык көмүр колдонулат. Анын 600 миңи Кыргызстанда казылган кара алтын болсо, калганы Казакстандыкы колдонулат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости