www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акжол Махмудов Норвегияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Бул тууралуу грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев билдирди.

"Бизде Акжол Махмудовдун салмагында (77 килограмм) күрөшкөн көп балбандарыбыз бар. Ошол эле Кайрат Түгөлбаев. Быйылкы Азия чемпиондугунда коло медаль алган Талантбек Акылбеков жана башкалар. Алардын баары өз-өзүнчө мелдештерге бөлүнгөн. Бирөө Азия чемпиондугунда күрөшсө, бирөө Олимпиадада күрөшөт. Ал эми башкалары Дүйнө чемпиондугуна катышат. Ошол себептүү Акжол Махмудов бул жолку Дүйнө чемпиондугуна катышпайт", - деп билдирди башкы машыктыруучу.

Ошондой эле бул нерсе жалпы машыктыруучулардын биргелешип чыгарган чечими болгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Дүйнө чемпиондугу Норвегиянын борбору Осло шаарында 2-10-октябрь аралыгында өтөт. Ага катыша турган улуттук курама команданын акыркы тизмеси азырынча аныктала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости