www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Санжарбек Болотов маалымат жыйында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында пландалган ири долбоорлор тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, аэропортторду модернизациялоо жана башкаруу боюнча долбоорлорго, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна, ГЭС куруу жана модернизациялоого, ошондой эле республиканын аймактардагы мектепке чейинки уюмдар үчүн чакан долбоорлорго өнөктөштөрдү тартуу пландалууда.

«Мындан тышкары, учурда соода-логистикалык комплексин куруу долбоору боюнча сынактык тандап алуу аяктоодо», - деди ал.

Болото жакын арада бүткүл Кыргызстан боюнча инновациялык компьютердик томографияларды орнотуу долбоору боюнча сынак жарыялана турганын кошумчалады. «Ошондой эле мамлекеттик лотерея компаниясы долбоору боюнча өнөктөштөрдү тартуу боюнча иштер жүргүзүлөт», - деди борбордун башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости