www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канчалык жаман көрбөйлүк кытайлар ак эмгек, акылы менен дүйнөнү багынтып жатышат. Жок дегенде алардан үйрөнүп, үлгү ала турчу нерселер көп. Анткени аларды азыр эч бир күч токтото албай калды. Муну алар чөлгө чөп өстүрүп, даңгыр жол салып далилдеп беришти.

Тагырагы түштүк Кытайдагы, узундугу 552 километр келген Такла-Макан шоссеси тууралуу сөз болууда. Бул жолдун уникалдуу курулушу 1993-жылы башталып, 1995-жылы бүткөн. Ар бир километрине 14 миллион доллар кеткени айтылат. Анткен менен ал жолду “өлүм көлү” атап келишкен. Себеби андагы кумдуу талаа 300 миң километр квадратты түзүп, жер планетасындагы эң чоң кумдуу чөлдөргө кирет. Андыктан андагы 50 градуска чейин жеткен ысык илеп же кумдуу бурганак ж.б.у.с. маселелери көп болгон.

Мындан улам эмгекчил эл долбоор боюнча жолдун эки тарабындагы 20 метрге жеткен кумдуу дөңгө, кургакка ыңгайлашкан бадал дарактарын олтургузушууда. Азыркы кезде ал бадалдардын туурасы 70 метр, узундугу 400 километрге жетип, жалпы аянты 3 миң гектарды түзөт. Дарактардын тамыры бекемделип, ар бир 4 км аралыктан, 100-150 метр тереңдиктеги жер алдынан суу чыгарышкан. Жалпысынан мында жүздөгөн жумушчулар 2 жылга чейинки контрактык келишимдин негизинде иштешет.

Аты айтып тургандай бул шоссе кытайлык Такла жана Макан шаарларын байланыштырып турат. Бирок мынчалык кымбатка турган долбоордун негизги максаты ал шаарларды бириктирүүдө эмес экен. Көрсө, көксөгөнүнөн кайтпай көгөргөн кытайлардын көздөгөнү, таримдик нефтегазонос бассейинге жетүү болгон. Анда 30 пайыз мазут жана газдын кору бар экени айтылат.

Анткен менен дүйнөлүк экологдор, кытайлык инженерлердин аталган тажрыйбасы адам баласына пайдалуу экенин моюнга алышууда. Тагыраагы климаттын өзгөрүшү менен көптөгөн жашыл жерлер чөлгө айланышы мүмкүн экенин айтып коңгуроо каккан окумуштуулар бар. Мына ушуну эске алганда, чөлгө чөп өстүргөн кытайлар башкаларга унчукпай мисал көргөзүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости